Казакстан
MUK Computers, Казакстан, Алматы
MUK Computers компаниясы Казакстан Республикасында өз ишин 2014-жылдын майында баштаган
Иштеген жылдары компания өнөктөштөр тармагын активдүү өнүктүрдү, ошондой эле маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү бир катар алдыңкы өндүрүүчү компаниялар менен дистрибутордук контракттарды түздү: A10, ACTi, Advantech, AEG, Altaro, Ametek, APC, AppDynamics, Arista, AudioCodes, Avigilon, Biotech, BIRR, BitTitan, Bluetti, Brandon Medical, Brickcom, Centerm, Check Point, Commscope, Conteg, DDN, Dell Technologies, Delphix, Delta, DIGITUS by ASSMANN, Dropsuite, e.HOT, Elevēo, EnGenius, Excel Networking, Genie Networks, GeoVision, Grandstream, HCL, HCS Cabling Systems, Hitachi Vantara, IBM, Identiv, iGuana, Image Access, InFocus, Infortrend, Ivanti, Jabra, Jiangsu United Power Friend, Kstar, Matrix (Guangdong Matrix New Energy), Microsoft, Nakivo, NetApp, Nexsan, Nidacon, Nvidia, PacketLight, Palo Alto Networks, Penta Security, Quest Software, Radware, Ranorex, RCG Power, RSA Security, RUCKUS (CommScope), SaneBox, Siemon, Smiddle, StarWind, Symantec, Tecnoware, Tescom, Veritas, Vertiv, YSoft, Zimbra (Synacore). Ошондой эле компания Microsoft Cloud Service Provider өнөктөштүк статусуна ээ, ал өнөктөштөргө Microsoft булут чечимдерин сунуштоо мүмкүнчүлүгүн берет.
ПОРТФОЛИОНУ КЕҢЕЙТҮҮ
Өткөн жылы MUK Computers дүйнөлүк маалыматтык технологиялар рыногунун алдыңкы өндүрүүчүлөрү менен бир катар контракттарга кол койду. Атап айтканда, компания белгилүү маалыматтарды сактоо системаларын өндүрүүчүдөн NetApp эксклювиздүү дистрибутору статусун алды. Мындан тышкары потенциалдуу буйрутма берүүчүлөрдүн бардык муктаждыктарын ылайык келген кеңири өнүмдөр линейкасы бар белгилүү бренд ээси болгон Dell EMC компаниясы менен дистрибутордук контракт түзүлгөнүн белгилей кетүү керек. MUK Computers штатында бул эки өндүрүүчүнүн өнүмдөрүн сатуу үчүн жооп берген квалификациялуу адистер бар. Кызматкерлердин компетенциясы аларга долбоордун картасын иштеп чыгууда, ошондой эле буйрутма берүүчүнүн инфраструктурасына чечимдерди киргизүүдө консультациялык колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн берет.
Өткөн жылы MUK Computers бир катар маанилүү долбоорлорду жүзөгө ашырды. Алардын ичинде APC, Schneider Electric жабдууларынын базасында ири мунай кениндеги завод үчүн үзгүлтүксүз кубаттандырууну камсыздоо боюнча чечимдерди киргизүүнү белгилей кетсек болот.
2016-жылдан тартып компаниянын дистрибутордук портфели өзүнө дүйнөдөгү ири аппараттык жана программалык камсыздоону, ошондой эле МТ-сервистерди жана консалтингдик кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүчүлөрдүн жана жеткирүүчүлөрдүн бири болгон – IBM корпорациясын камтыйт. Бул убакыт аралыгында ушул вендордун жабдуусунда көптөгөн долбоорлор жүзөгө ашырылган. Алардын арасында жергиликтүү компаниялардын биринде IBM Power system эсептөө кубаттуулуктарын модернизациялоо, ошондой эле ири корпорациянын инфраструктурасына IBM Storwize v5010 сактоо системасын киргизүү долбоорун белгилөөгө болот, бул модель жогорку өндүрүмдүүлүктөгү маалыматтарды сактоо үчүн арналган жана корпоративдик класстагы системалардын функционалдуулугун колдогон ийкемдүү гибриддик чечим болуп саналат.
Аппараттык чечимдерден тышкары ар кандай IBM программалык камсыздоосунун базасында бир катар долбоорлор жүзөгө ашырылган. Акыркы жылдары мындай программалык камсыздоонун ири буйрутма берүүчүсү КазАГРО Улуттук холдинг АК жана Мамлекеттик Кредит Бюросу болгон. Мындан тышкары QazaqBank, Halyk Bank жана Sberbank сыяктуу Казакстандын ири банктары бул компаниядан аналитикалык чечимдерди алган.